24.kg
09:16, 23 августа 2019, 24.kg

Раиса Атамбаева күйөөсү менен жолуктурууну суранды

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева күйөөсү менен жолуктурууну суранды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев билдирди.
 
Айтымында, Раиса Атамбаева суранычын тергөөчүгө айтты, бирок жооп келе элек. «Алмазбек Атамбаев кармоо шарттарына жана ден соолугуна эч кандай нааразычылыгы жок. Ал өзүн жакшы сезүүдө», -деди жактоочу.
 

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

8-августта Атамбаевди кармоо операциясын ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев багынып берди.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18