24.kg
15:17, 22 августа 2019, 24.kg

Ак-Талаа районундагы ирригациялык долбоорлар 2020-жылдан тартып ишке ашат

Ак-Талаа районундагы ирригациялык долбоорлар 2020-жылдан тартып ишке ашат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында маалым болду. 

Photo 132055

Мамлекет башчы Ак-Талаа районундагы ирригациялык долбоорлор менен таанышты. Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев Ала-Буга, Жаман-Даван жана Куртка дарыяларындагы суу объектилерин куруу жана калыбына келтирүү боюнча пландар тууралуу айтып берди.

Суткалык жөнгө салуучу бассейндерди куруу жана азыр пайдаланылып жаткан ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү каралууда. Ар бир дарыя боюнча өзүнчө техникалык-экономикалык негиздемелер даярдалып, аларды каржылоого Европа реклонструкциялоо жана өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык финансы институттарын тартуунун үстүндө иштер жүрүүдө. 

Долбоорлор 2020-жылдан тартып ишке ашырыла баштайт. Алардын аякташы менен Ак-Талаа районунда кошумча 4000 гектардан ашуун жерге сугат суу жетип, пайдаланылып жаткан сугат жерлерди сугарууну жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мамлекет башчысы ирригация тармактарын модернизациялоо жана кеңейтүү регионалдык өнүктүрүү саясатынын ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи. Ал дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо айыл чарбасын жана региондорду комплекстүү өнүктүрүүнүн ачкычтарынын бири, дыйкан эмгегинин негизи экенин баса белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18