24.kg
09:14, 22 августа 2019, 24.kg

Жалал-Абаддагы 11 жаштагы баланын өлүмү боюнча тергөө убактылуу токтотулду

Жалал-Абаддагы 11 жаштагы баланын өлүмү тууралуу иш боюнча тергөө убактылуу токтотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жалал-Абад ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, инисин өлтүргөнгө шектүү делеген 14 жаштагы эжеси психиатриялык экспертизага жөнөтүлдү. Адистер окуя болгон маалда кыздын акыл эси ордунда болгонбу же жокпу аныктап чыгышмакчы. Буга чейин шектүү айрым учурларды эсинде жок экенин айткан. Ата-энелери милиицияга кайрылышкан эмес. Кыз реабилитациялык борбордо кармалып жаткан.

Эске салсак, окуя 9-июлда Сузак районунда болгон. Каза болгон баланын жанынан өч алуу тууралуу кат табышкан. Кийин анын улуу эжеси күнөөнү мойнуна алган. Бирок, кат жазганы эсинде жок. Анын суракта берген көрсөтмөсүнө таянсак, иниси аны сөгүп салганда, ал бычак менен сайган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18