24.kg
08:45, 22 августа 2019, 24.kg

Кыргызстанга 8 миң 757 чет элдик жаран иштөөгө уруксат алышкан

2019-жылдын 7 ай аралыгында Кыргызстанга 8 миң 757 чет элдик жаран иштөөгө уруксат алышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөгө келген жумушчулардын саны боюнча кытайлар алдыда— 6 миң 711 адам. Андан кийинки катарда 588 түрк жараны, 238 корея жараны, 186 пакистан жараны, 113 америка жараны, 104 индия жараны жана 104 өзбек жарандары.

«Ушул жылдын апрель айынан тарта уруксат берүү документтеринин баасы кымбаттаган. Уруксат берүү документтерден бюджетке 64 миллион 300 миң сом түшкөн», -деп айтылат маалыматта.


Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18