24.kg
08:37, 22 августа 2019, 24.kg

Нарын шаарынын тургундарынын 97 пайызы таза суу менен камсыз болушту

Нарын шаарынын тургундарынын 97 пайызы таза суу менен камсыз болушту. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Нарынга болгон иш сапарында маалым болду.

Муну менен катар элдин 40 пайызы канализация системасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Нарын шаарын таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын калыбына келтирүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен тааныштыруу учурунда маалым болду.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев жана Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана суу бөлүштүрүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоор, Нарын шаарынын ичүүчү суу менен камсыздоо системасын модернизациялоого жана агып чыкма сууларды башкарууну өркүндөтүүгө багытталганын билдиришти.

Бул максаттарга ЕРӨБ тарабынан жалпысынан 6,2 миллион евро кралган. Бул долбоордун алкагындагы курулуш иштери 2018-жылдын июнь айында башталган жана 2019-жылдын аягына чейин аяктоо болжолдонууда.

Алар Нарын облусунун ичүүчү суу менен камсыздоо системасын модернизациялоо боюнча башка долбоорлор Швейцария Конфедерациясынын колдоосу менен ишке ашырылып жатканын кошумчалашты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18