24.kg
15:29, 21 августа 2019, 24.kg

Капиталдык курулуш башкармалыгынын 7 кызматкери дисциплинардык жазага тартылды

Бишкекте жер алдынан жана жер үстүнөн жөө адамдар өтө турган өтмөктөрдү оңдоп-түзөөдө акча кымырылып алынган. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Шаардык прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, 376 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталды. Маалым болгондой, ушул жылдын 14-августунда шаардык прокуратура Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

«Өткөн жылы Чүй проспектиси жана Абдрахманов көчөсү, Манас жана Чүй проспектилеринин кесилиштериндеги, «Аламүдүн», «Мадина» базарларынын жанындагы өтмөктөрдү оңдоо боюнча өткөрүлгөн сынактар текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын казынасына 376 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. Мындан улам, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын 7 кызматкери дисциплинардык жазага тартылган», -деп билдиришти УКМКдан.

Эске салсак, Бишкектеги өтмөктөрдү мэрия 2017-жылы толугу менен оңдоодон өткөргөн. Ага 27 миллион сом коротулган. Көп өтпөй өтмөктүн ичине жаан өтүп, кээ бир карапа такталары түшүп калганын кийин шаар тургундары жазып, ал тургай сүрөттөрүн социалдык тармактарга жүктөп чыгышкан болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18