24.kg
11:48, 21 августа 2019, 24.kg

Ысык-Көлдөгү жол кырсыкта каза болгондордун биринин ата-энеси тосмо арыз жазды

Шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобековдун катышуусунда болгон Ысык-Көлдөгү жол кырсыкта каза болгондордун биринин ата-энеси тосмо арыз жазды. Маалыматты 24.kg агенттигине ОИИББ тастыктады.

Маалыматка караганда, экспертиза дайындалган, бирок жыйынтыгы даяр болбогондуктан тергөө токтотулду. Адистердин корутундусу чыккандан кийин иликтөө уланат.

Эске салсак, 7-июлда Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде жол тандабас менен жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктаган унаалардын биринде парламенттик депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ал убакта кырсыктын күнөөкөрү Темирлан Токобеков эмес, рулда башка бирөө болгон деп маалыматты шашылыш тараткан.

Каза болгондордун туугандары тергөө бир тараптуу болуп жатканын айтышып, күнөөнү жеңил унаанын айдоочусуна оодарышканын билдиришкен. Жеңил унаанын ичиндеги кишинин баары көз жумган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18