24.kg
09:02, 21 августа 2019, 24.kg

Өмүрбек Бабановго 5 миң 500 сом айып пул салынды

Өмүрбек Бабановго 5 миң 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ В7700АА мамлекеттик номурлуу «Лексус LX 570» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна карата протокол түзүлгөн. Анткени жол тандабастын алдыңкы капталдагы терезелери караңгылатылган.

Унааны айып төлөөчу жайга киргизишти.

Аталган унаа менен Өмүрбек Бабанов УКМКнын сурагына келген. Ал журналисттерге унаанын терезелери заводдон чыкканда эле караңгылатылганын, ал эч кандай мыйзамды бузбагандыгын айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18