24.kg
08:48, 21 августа 2019, 24.kg

Кепилдик фондунун каражаттарынын 78 пайызы аймактык долбоорлорго багышталды

2019-жылы Кепилдик фондунун каражаттарынын 78 пайызы аймактардагы насыялоого жана гарантияларды берүүгө багышталды. Бул тууралуу «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров айтты.

Ал баса белгилегендей, 2019-жылы фонддун ишмердигинде негизги багыт болуп аймактык долбоорлорду колдоо болуп эсептелет. Жалпысынан бүгүнкү күндө 460 миллион сомдон ашуун суммага 300 долбоор каржыланды.

Мындан тышкары, берилген гарантиялардын суммасы 173 пайызга көбөйгөн.

Белгилей кетчү нерсе, Улуттук банк Кепилдик фондуна 550 миллион сом жумшады, буга байланыштуу анын капиталы бүгүнкү күндө 1 миллиард 132 миллион сомду түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18