24.kg
16:33, 20 августа 2019, 24.kg

Ош шаарында эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынып салынат

Ош шаарында эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынып салынат. Бул тууралуу Ош шаардык мериясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардын көчөлөрүн текшерди. 

«Рейдде аталган көчөлөрдөгү тротуарлардын абалы, тазалык, мыйзамсыз курулуштар, эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар боюнча жеринде тапшырмалар берилди. Калаа башчысы арыктар өз убагында тазаланбай жана көчөлөр таштандыдан толук арылбай жатканын айтып, тиешелүү ишканалардын ишин сынга алды», - деп жазылат билдирүүдө.

Шаар башчысы көчөнүн көркүн бузган күркөлөрдү, эскилиги жеткен көрнөк-жарнактарды алып салуу тапшырмасын берди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18