24.kg
14:29, 20 августа 2019, 24.kg

Батукаевдин иши. Жактоочу Али Касымов үй камагына чыгарылды

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча катыштыгы бар делген жактоочу Али Касымов үй камагына чыгарылды. Маалыматты 24.kg агенттигине анын уулу Мурад Касымов тастыктады.

Кечээ юрист тергөө иши менен байланыша турганы маалымдалган. Бирок, Мурад Касымовдун айтымында, атасы күнөөнү мойнуна алган жок. Ал ортомчу болбогонун кошумчалады.

Анын билдирүүсүндө, атасы Али Касымов мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин жактоочусу болгон эмес. Ал болгону 2012-жылы анын эжеси Яхага 2 жолу кеңеш берген. «Ал инисин ден соолугунун абалы боюнча бошотууну суранган. Бирок, Али Касымов баардыгы мыйзамдын чегинде гана болушун айткан», -деди Мурад Касымов. Ал 80 жаштагы жактоочу Али Касымовго карата каршы көрсөтмөнү экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов бергенин айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18