24.kg
14:10, 20 августа 2019, 24.kg

Жактоочу: Зилалиев Атамбаевдин кантип көмөкчүсү болуп калганы түшүнүксүз

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев менен мурунку президент Алмазбек Атамбаев бир кылмыш иши боюнча өтүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Дүйшөнбек Зилалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова маалыматты тастыктады.

Айтымында, тергөөнү Аскер прокуратурасы жүргүзүүдө. Кеп 2015-жылы Терек-Сай айылындагы «Эти Бакыр Терек-Сай» түрк компаниясына сурьма кенин иштетүүгө20 миллион доллар үчүн лицензия берүү тууралуу болуп жатат.

«Дүйшөнбек Зилалиевдин буга кандай тийиштиги бар, түшүнбөй турам? Компания тендерди утуп чыккан, лицензия берүү тууралуу документте Зилалиевдин колу жок. Ал кантип Алмазбек Атамбаевдин көмөкчүсү болуп калды түшүнүксүз», -деди ал.

Эске салсак, былтыр декабрда УКМК Дүйшөнбек Зилалиевдин декларациядан өтпөгөн батирин, үйүн жана банктык эсебинен миллиондорду таап чыккан. Айыпталуучу күнөөнү мойнуна албай, муну саясий шоу деп атап келет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18