24.kg
11:07, 20 августа 2019, 24.kg

Жол кырсыгында качып кеткен айдоочу изделүүдө

Чүй облусуна караштуу Жайыл РИИБнын кызматкерлери жол кырсыгында качып кеткен айдоочуну издөөгө жардам сурайт. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти. 

Photo 131734

Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгынын күнөөкөрү «Хонда-Торнео» унаасынын 24 жаштагы айдоочусу Талгатбек Алтымышев. Ал медиициналык жардам алгандан кийин окуя болгон жерден качып кеткен.

Эске салсак, 18-августта болжол менен саат 10до Бишкек-Ош жолунда 3 унаанын катышуусунда кырсык катталган. Кесепетинен 4 киши каза болду.

Милиция Талгатбек Алтымышев тууралуу маалыматы болгондор болсо, төмөнкү телефондорго байланышка чыгууну суранат: 0312 221558, 0555 299520, 0701 314193 же 102. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18