24.kg
09:32, 20 августа 2019, 24.kg

Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берүүгө чакырылды

Өмүрбек Бабанов Ошто айткандары тууралуу иш боюнча күбө катары өтүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине УКМК билдирди.

Бүгүн саат 15те саясатчы сурак берет.

«Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берүүгө чакырылды. Буга чейин ага карата 2017-жылдын 28-сентябрында Оштогу «Амир-Тимур» кичи районунун тургундары менен жолугушууда айткан факты боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Ал аталган иш боюнча күбө катары өтүүдө», -деп билдиришти УКМКдан.

Эске салсак, кечээ «Республика — Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабанов Финполго суракка чакырылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18