24.kg
08:54, 20 августа 2019, 24.kg

Белгисиз бирөөлөр кытайлык жарандарга кол салып, 300 миң долларын алып кетишкен

Бишкектеги «Дордой» базарынан алыс эмес жерде белгисиз бирөөлөр кытайлык жарандарга кол салышты. Маалыматты Свердлов РИИБдан тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя кечээ катталган. Жабырлануучулар Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык ишкерлер.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, кытайлыктар унаасы менен кетип бара жатканда, аларды бир унаа атайлап сүзүп токтогон. Бет кап кийген 3 жаран унаадан чыгып, ишкерлердин 300 миң долларын алып кетишкен.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18