24.kg
17:15, 19 августа 2019, 24.kg

Өмүрбек Бабанов Финполго суракка чакырылды

«Республика — Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабанов Финполго суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, аны «Кыргызстан» банкы боюнча күбө катары чакырышкан.

Эске салсак, 9-августта Орусиядан Бишкекке «Республика — Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабанов учуп келген.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган. УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтотулса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

УКМК Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартылат деген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18