24.kg
16:15, 19 августа 2019, 24.kg

Тастыкталбаган маалыматты тараткан. Карамушкинага жоопкерчилик тууралуу айтышты

УКМК депутат Ирина Карамушкинага тастыкталбаган маалыматты тараткандыгы үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертти. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, Ирина Карамушкина тараткан маалымат чындыкка коошпойт. Эске салсак, буга чейин депутат Курманбек уулу Миржан атайын кызматтын кызматкерлеринен таяк жеп, алган жаракатынан улам каза болду деген маалымат тараткан.

Саламаттык сактоо министрлиги Кой-Таш окуясында болгону «Альфа» бөлүмүнүн командиринин орун басары каза болгонун расмий түрдө тастыктады. 7-8-августтагы окуядан кийин каза тапкандар болгон эмес. 130дан ашуун киши медициналык жардам үчүн кайрылышкан.

«Ирина Карамушкинанын билдирүүсүн коомчулуктун башын адаштыруу катары бааласа болот», -деп жазылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18