24.kg
15:27, 19 августа 2019, 24.kg

Чек арадан аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан жүк аныкталды

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан эт азыктары, чаң соргуч, балдардын оюнчуктары аныкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 22 жаштагы Т.Н. аттуу кыргызстандык жаран көзөмөл өткөрмө жайынан тышкары 120 кутудагы эт азыгын Өзбекстанга алып өтүп бара жатып кармалган.

Ошондой эле кечээ 28 жаштагы кыргызстандык «Hyundai-Porter» унаасы менен чек арадан 20 даана чаң соргуч жана 3 куту салынган балдар оюнчугун алып өтүп бара жатканда кармалды. Жүктөрдүн баасы 317 миң сомду түздү. Маалыматка таянсак, жүктүн тиешелүү документтери болгон эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18