24.kg
09:21, 19 августа 2019, 24.kg

Турсунбек Акун Атамбаевге карата 100 миң сомдук доо-арызын артка кайтарып алат

Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата 100 миң сомдук доо-арызын артка кайтарып алат. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, Алмазбек Атамбаев камакта. Ага өтө оор делген беренелер боюнча айып тагылууда. Мындан улам, мурунку президент кылган иштерине жооп берет.

«Мындан улам, жарандык тартипте аны менен жалган жалаа боюнча соттошкондун мааниси жок. Ал мени 100 миң доллар пара алган деп айткандары жалган. Жакында муну далилдешет», -деди Турсунбек Акун.

Ал кошумчалагандай, «Апрель» телеканалы менен журналист Канат Каниметовго карата 500 миң сомдук доо-арызын кайтарып албайт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18