24.kg
17:27, 16 августа 2019, 24.kg

Өзгөндө унаа башкарып бара жаткан айдоочу жүрөк оорусу кармап көз жумду

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда унаа башкарып бара жаткан айдоочу жүрөк оорусу кармап көз жумду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзгөн—Кеңеш унаа жолунун 4-чакырымында Өзгөн шаарынын 1966-жылы туулган тургуну «Хонда Стэпвэгон» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, жолдун оң капталына чыгып кеткен. Кесепетинен унаа оодарылып калган. Айдоочу отурган жеринен каза болгондугу айтылууда.

Каза болгон айдоочунун туугандарынын айтымында, ал жүрөк оорусу менен ооруп жүргөн.


Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18