24.kg
16:12, 16 августа 2019, 24.kg

Президент «Манас айылын» министрликтин балансына өткөрүү идеясын колдоду

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплекстин абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент туура башкаруу жана каражаттарды тартууда «Манас айылы» Бишкек шаарынын маданий дөөлөтү боло алаарына ишенимин билдирди.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Манас айылын» жаңы форматта калыбына келтирүү боюнча кызматташууга жергиликтүү инвесторлор кызыгып жатканын билдирди. Ал «Манас айылы» Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өтсө, реконструкциянын варианттары каралып чыгарын белгиледи.

Президент «Манас айылын» министрликтин балансына өткөрүү идеясын колдоду.

Комплексти реконструкция кылуу учурунда, президент мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин активдүү колдонууга чакырды жана ошондой эле аны реконструкция кылуу жана этно-шаарча куруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Ал баса белгилегендей, бул жер борбор калаанын тургундары жана конокторунун, чет элдик туристтердин эс алуу жайы болушу керек.

Белгилүү болгондой, 1998-жылы комплекс Бишкек шаарынын мэриясынын балансынан «Бишкек» Эркин экономикалык аймактын башкы дирекциясынын балансына өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө «Манас айылы» комплексинин абалы начар.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18