24.kg
11:26, 16 августа 2019, 24.kg

Салык кызматы: Сайттан унаа, турак жайга салыктын суммасын өз алдынча эсептеңиз

Мамлекеттик салык кызматы транспорт каражаттарынын жана кыймылсыз мүлктүн ээлерине ведомствонун сайтындагы электрондук калькуляторду пайдалануу менен салыктардын суммасын өз алдынча эсептөө мүмкүнчүлүгү бар экендигин эскертет. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Бул үчүн салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтына кирип, «Электрондук кызматтар» тиркемесин ичинде жайгашкан «Электрондук жардамчы жана калькулятор» бөлүгүн табуу зарыл. Ушул бөлүмдүн ичинде «Кыймылсыз мүлк объектисине салык эсептөө» жана «Кыймылдуу мүлк объектисине салык эсептөө» шилтемелери бар.

Белгилей кетсек, 2019-жылга чейин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн ээлери салык органдарына төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы жана эсептелип чыккан мүлккө маалыматтык эсептөөлөрдү толтурууга жана тапшырууга милдеттүү болгон. Эми аны толтурууга кажет жок.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин — турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга — 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18