24.kg
11:11, 16 августа 2019, 24.kg

Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусун мамлекет төлөп берет

Кой-Таш окуясында жарадар болгон Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусун мамлекет төлөп берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Самат Курманкуловду 12-августта Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна алып кетишкен. Аны коштоп Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев барган.

«Самат Курманкуловго Москвадан кошумча изилдөө жана анализдер дайындалды. Андан кийин гана анын дарылануу схемасы анык болот. Анын абалы туруктуу оор бойдон калууда. Баардык чыгымды мамлекет мойнуна алат», -деди Мадамин Каратаев.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алган. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп, болгон аракетин жумшашты. Учурда ал комада жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18