24.kg
10:49, 16 августа 2019, 24.kg

Атамбаевдин уулу: УКМКнын имаратындагы жабык сот- бул коркоктуктун белгиси

Кадыр Атамбаев бүгүн УКМКнын имаратынын алдына апасы Раиса Атамбаева менен бирге атасын колдоо үчүн келди.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунун көчмө жыйынында УКМКнын имаратында каралат деп жактоочу Замир Жоошев билдирди.

«УКМКнын имаратындагы жабык сот- бул коркоктуктун белгиси», -деди Алмазбек Атамбаевдин уулу шаардык соттун чечимине түшүндүрмө берип жатып.

Кадыр Атамбаевдин айтымында, эгерде баш коргоо чарасы шаардык сотто карала турган болсо, анда ачык-айкындуулуктун кандайдыр бир элементтери байкалмак. Эл сот отурумуна катыша алмак.

«Эми башаламандык 4 дубалдын ичинде өтө берет, ал жакка биз дагы журналисттер дагы кире албайт», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18