24.kg
09:44, 16 августа 2019, 24.kg

Мамлекеттик каттоо кызматы имаратын оңдоо үчүн 24 миллион сом бөлөт

Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан Мамлекеттик каттоо кызматы имаратынын ремонту үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.

Аталган имараттын аймагында жайгашкан бактарды жана бадалдарды кыюу пландалууда. Имараттын жанына гүлдөр, бадалдуу гүлдөр отургузулат. Кыйылган бактардын ордуна 10 бак жана бадалдар тигилет.

Мындан тышкары электр жарыгы толугу менен оңдоодон өтөт. Чатырлар кайра жабылып, суу түтүктөрү жана канализациянын түтүктөрү алмаштырылат. Биринчи кабатта автоматташтырылган өрт өчүрүүчү сигнализация орнотулат.

Капиталдык ремонтко 24 миллион 382 миң 839 сом бөлүнөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18