24.kg
09:20, 16 августа 2019, 24.kg

Бүгүн Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Бүгүн абанын температурасы Чүй облусунда +22...+27, Талас жергесинде +20...+25 градус, Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында +23...+28 градус жылыйт. Нарында +17...+22, Ысык-Көлдө +16...+21 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, абанын температурасы Ошто +26...+28, Бишкекте +25...+27 градуска жетет.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18