24.kg
17:41, 15 августа 2019, 24.kg

Ошко кеткиле. Мурунку президенттин 2 тарапташынын сүйлөшкөн сөздөрү жарыяланды

YouTube каналында мурунку президенттин 2 тарапташынын сүйлөшкөн сөздөрүнүн аудиосу жарыяланды. Маалыматка караганда, алардын бири Фархат Баабиев. Ал 7-8-августта Кой-Таш айылындагы окуяга активдүү катышкан. Ал Аман аттуу бирөө менен сүйлөшкөн.

Баабиевге таандык делген үн Аманга Чүйдө жашаган Ош облусунун тургундарынын бизнесин жана үйлөрүн талкалайлы деп көрсөтмө берүүдө.

«Аймактар аралык ынтымакты козутуп, «Оштуктар Ошко кеткиле» деш керек. Оштуктардын бизнесин өрттөп, өздөрүн сабаш керек. Кыскасы, Чүй оштуктарды басыш керек», -деди ал.

УКМК азырынча бул аудио тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18