24.kg
17:01, 15 августа 2019, 24.kg

Көл, жасалма көлмө, каналдар, дарыялар. Кыргызстанда сууга чөгүү фактылары

Жайдын келиши менен көпчүлүк аптаптуу жерден качып, салкын жайларга- тоо койнуна же көл жээгине барып эс алууну каалашат. Мындай учурда куткаруучулар чоңдорду балдарына тыкыр көз салып, аларды суу жээгине таштап кетпөөгө чакырышат. Ал тургай ӨКМнын эскертүү жазылган такталары кооптуу делген жерлерге илинип, атайын белгилер орнотулат.

Жыл сайын ӨКМ баардык жарандарга сууга түшүүгө шарты жок жайлар — көлмө, жасалма көлмө, каналдар, дарыялар жана башка суу объектилерине, «Кооптуу!», «Сууга түшүүгө тыюу салынат!», «Чумкууга тыюу салынат!» деген белгилер коюлган жерлерге, мас абалында сууга түшүүгө, балдарды кароосуз калтырууга, чектөө киргизилген чийиндерден өтүп сүзүүгө, мотору бар кайыктарга, кемелерге жана башка каражаттардын жанына сүзүп барууга, куткаруучу каражаттарды туура эмес колдонууга, тереңдиги, абалы белгисиз сууларга секирүүгө, сууда түрдүү оюндарды уюштурууга, сууга сүзүү үчүн унаанын тетиктерин, үйлөмө матрацтарды, тактайларды жана башка ушул сыяктуу буюмдарды колдонууга, пляжга итти же башка жаныбарларды алып келүүгө, таштанды таштоого тыюу салып, эскертүү берет.

Бирок, жаш балдар эмес кээде чондор деле эскертүүгө маани бербей, жыйынтыгы кырсык менен аяктап жатат. Акыркы мезгилдерде Кыргызстанда сууга чөгүү фактылары көп катталууда. Буга жогоруда айтылган эскертүүлөр эске алынбагандыгы себеп болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы Кыргызстанда жыл башынан августка чейин 104 адам сууга чөккөн. Анын 81и жай мезгилинде катталган.

Жыл сайын ӨКМ тарабынан атайын жумушчу топ түзүлүп, туристтик сезондо куткаруу иш-чараларын жүргүзүшөт. Муну менен катары 200гө жакын куткаруучу окутулат.

Көлгө гана эмес, жасалма көлмөлөргө, агын сууга аккан жаш балдар бар.

 
 
 
 
 
 
 
 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18