24.kg
15:32, 15 августа 2019, 24.kg

Атайын кызматтын ардагери барымтадагы жоокерлердин кантип бошотулганын айтты

Атайын кызматтын ардагери, запастагы полковник Мирлан Желдеңбаев бүгүнкү маалымат жыйында барымтадагы жоокерлерди кантип бошотулганын айтып берди.

Анын билдирүүсүндө, 7-августта болжол менен саат 22:30да ал Кой-Таш айылынын тургундарынан атайын кызматтын жоокерлери барымтага алынганын уккан. Мирлан Желдеңбаев Алмазбек Атамбаевдин үйүнө барганда ал жакта 7 атайын кызматтын кызматкерлерин көргөн. 

«Мен башка күч түзүмдөрү менен бирге Атамбаевдин тарапташтары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. 2 сааттан кийин жарадар болгон бир кызматкерди бошото алдык. Аны паласка ороп алып чыгып беришти. Биз унаага отуруп, тез жардам унаасына чейин жеткирип бердик», -деди Мирлан Желдеңбаев.

Кийинки күнү сүйлөшүүлөр уланган. Мурунку президенттин тарапташтары «Альфанын» кызматкерлерин бошотууга бир канча жолу убада беришсе дагы, кандайдыр бир себептен улам бошотуудан баш тартышкан.

«Бизге тез жардам унаасы келсе жоокерлерди бошотобуз дешти. Мен тез жардам унаасын издеп баштадым, бирок алардын баары тең бош эмес болуп чыкты. 8-августта түшкө маал балдарды кое беришти. Балким унаа таап алып барсак андан да мурун бошотушмак», -деди офицер.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18