24.kg
15:03, 15 августа 2019, 24.kg

Арлем Дезир бийликти «Апрель» телеканалынын мүлкүн камактан чыгарууга чакырды

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун ЖМК эркиндиги маселеси боюнча өкүлү Арлем Дезир Кыргызстан бийлигин «Апрель» телеканалынын мүлкүн камактан чыгарууга чакырды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматынан билдиришти.

Арлем Дезирдин айтымында, телеканалдын мүлкүнүн камакка алынышы жана ишмердүүлүгүнүн токтотулушу тынчсызданууну жаратууда.

ЕККУ өкүлү мүлк кандай жагдайда камакка алынганынан кабары бар экенин белгилеп, бирок ага карабастан, бийликти чечимин кайра карап чыгууга чакырды. Анын билдирүүсүнө ылайык, ЖМКлардын эркиндигин жана ар түрдүүлүгүн оор кырдаалдарда да сактап калуу керек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18