24.kg
13:43, 15 августа 2019, 24.kg

Казакстандын борбордук бөлүгүндөгү өрт аймагы беш эсеге жайылды

Караганды облусунун Каркаралы районундагы өрттүн аянты беш эсеге кеңейип, бир суткада 2700 гектарга жетти. Өрттөнгөн аймактын бир жарым миң гектары мамлекеттик токой коругуна кирет. Бул тууралуу Казакстан Ички иштер министрлиги кабарлады.

Ички иштер министринин орун басары Юрий Ильин 14-августта өткөн брифинг учурунда Каркаралы районунда жагдай кыйын экенин айтты. Анын билдиришинче, өрттү өчүрүүгө токой чарба комитети, жергиликтүү аткаруу органдары, ИИМ бөлүктөрү тартылды.

12-августта Каркаралы районундагы Егиндибулак айлынан 30 чакырым аралыктагы жерде куураган чөп өрттөнүп, жалын Бакты токоюн каптаган.

13-августта Каркаралы районунун акимчилиги аймакта өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18