24.kg
10:19, 15 августа 2019, 24.kg

ӨКМ кызматкерлери үйлүү болушту

ӨКМ кызматкерлери үйлүү болушту. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Мундуз айылында ӨКМ кызматкерлери үчүн 24 батирлүү турак үй курулуп бүткөрүлүп, министр Нурболот Мирзахмедовдун катышуусунда салтанаттуу түрдө тапшырылды. 

Аталган турак үй көз карандысыз жылытуу (котельный) жана паркинги менен курулуп, 0,6 Га аянтты ээлейт. Турак үйдүн жалпы аянты — 2162,24 м2.

Көп кабаттуу үйдүн курулушу 2017-жылдын октябрь айында башталып, азыркы учурда турак үйдүн долбоордо көрсөтүлгөн курулуш жумуштары толугу менен бүткөрүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18