24.kg
09:48, 15 августа 2019, 24.kg

Ажылык-2019. Кыргызстандык зыяратчылар 17-августтан тарта мекенге кайтышат

Кыргызстандык зыяратчылар 17-августтан тарта мекенге кайтышат. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда мекендештер ажылык амалдарын ийгиликтүү аткарышып, Мина өрөөнүнөн толугу менен Мекке шаарына кайтып келишти. Алар 17-августтан 1-сентябрга чейин Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош багыттары боюнча өлкөгө кайтышат.

Кыргызстандык ажылар үчүн быйыл ыйык Харам мечитинен мейманканага каттап туруучу атайын автобустар уюштурулуп, алар 25-августка чейин өз иштерин улантат. Мекке шаарында кыргызстандык ажылардын ден соолуктарын көзөмөлдөп туруу үчүн атайын 3 медициналык пункт иш алып барып, 2 тез жардам унаасы иштеди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18