24.kg
09:40, 15 августа 2019, 24.kg

Орозбек Молдалиев: Кой-Таштагы окуяны парламент иликтеши керек

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча 7-8-августтагы Кой-Таш айылында жасалган операцияны парламент иликтеп чыгышы керектигин билдирди. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

«Жогорку Кеңеш каникулдан келгенден кийин депутаттык комиссия түзүп, ушул ишти иликтеш керек. Кандай болуп уюштурулган, катачылыктарга эмнеге жол берилди, ага ким барды? Бул азыркы күч кызматтарындагы жетекчилердин шалаакылыгын аныктоо үчүн жана келечекте мындай чалагайым иштердин алдын алуу үчүн керек. Парламенттин керектүү комитети муну терең изилдеп, коомчулукка ачык билдириши керек. Себеби адамдын өмүрү менен ойногон болбойт. Ыкчам түзүмдүн маркум кызматкеринин артында балдары калды», -деди ал.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Операция учурунда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышып, бир нече киши жабыркады. «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков ок тийип каза болгон. Кагылышта башына таш тийип, оор жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловго эки жолу операция жасалды. Ал Москвага жеткирилип, дагы деле комада жатат.

​Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө, 8-августта кармалды. Ал 26-августка чейин камакка алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18