24.kg
08:55, 15 августа 2019, 24.kg

Өзбекстанда 50 жаштан жогорку абитуриенттердин саны алты жүз жетимиш экини түздү

Өзбекстанда Мамлекеттик тестирлөө борбору студент болуу үчүн документ тапшырган улгайган кишилердин саны өскөнүн билдирди. Быйыл абитуриенттер үчүн жаш куракка киргизилген чектөө алынып салынган.

13-августка карата жогорку окуу жайларына документ тапшырган 862 977 абитуриент — 25 жашка чейинкилер. 25-30 жаштан жогоркулар 103 276, 40-50 жаштан өйдөкүлөр 14 014 жана 50 жаштан өткөндөр 672 адамды түзгөн.

Июлда 80 жаштагы Тухтамиш Султонов Өзбекстандагы эң улуу абитуриент деп табылган. Ал Самарканд мамлекеттик университетинин биологиядан сабак берүү медодикасын, ошондой эле Ташкент медициналык академиясынын Термез филиалынын дарылоо жана педиатрия факультетин тандаган.

Ага чейин 72 жаштагы аял бир эле учурда үч жогорку окуу жайына документ тапшырган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18