24.kg
16:31, 14 августа 2019, 24.kg

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Атамбаевди зыярат кылды

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов УКМКнын тергөө абагында жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаевди зыярат кылды. Бул тууралуу Нурдин Сулайманов билдирди.

Айтымында, Алмазбек Атамбаев 2 орундуу камерада жалгыз кармалууда. Сүйлөшүү маалында мурунку президент кармалуу шарттарына жана тергөө органдарына карата нааразы кебин айткан жок.

«Алмазбек Атамбаевдин айтымында, тергөө абагында кармоо шарттары начар эмес, кызматкерлер ага сылык мамиле кылышууда. Бир күндө 3 жолу кан басымын текшеришет, керектүү медициналык каражаттар жетиштүү. Жактоочунун жардамы дагы бар», -деди Нурдин Сулайманов.

Алмазбек Атамбаев толук кандуу укташ үчүн камерадагы жарыкты өчүрүүнү суранган. Ошондой эле ал камеранын сырткы эшигин жабууну өтүнгөн.

8-августта Атамбаевди кармоо операциясын ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев багынып берди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18