24.kg
15:08, 14 августа 2019, 24.kg

Жактоочу: Кундуз Жолдубаеванын үйүн тинтип жатышат

КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеванын үйүндө тинтүү болууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Айтымында, Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатат.

Кундуз Жолдубаева тинтүү себебин ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун ишине байланыштырды.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, тергөөчүлөр документи бар пакетти издешүүдө. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Курсан Асановго берген болушу ыктымал деген пакет тууралуу видео социалдык тармактарда жарыяланган болчу.

Эске салсак, кечээ премьер-министрдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18