24.kg
13:57, 14 августа 2019, 24.kg

Дагы 20 өлкөнүн жарандары Өзбекстанга визасыз кирүү мүмкүндүгүнө ээ болушту

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 12-августта «Туризм тармагын өнүктүрүү чаралары тууралуу» жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 2020-жылдын 1-январынан тарта 20 өлкөнүн жарандары үчүн өлкөгө 30 күнгө чейин визасыз кирүү мүмкүндүгү берилет. Алар:

  1. Антигуа жана Барбуда
  2. Барбадос
  3. Белиз
  4. Гренада
  5. Доминика Республикасы
  6. Мексика
  7. Гватемала
  8. Гондурас
  9. Коста-Рика
  10. Куба
  11. Никарагуа
  12. Панама
  13. Тринидад жана Тобаго
  14. Сальвадор
  15. Сент-Винсент жана Гренадин
  16. Сент-Люсия
  17. Багам аралдарынын шериктештиги
  18. Доминика шериктештиги
  19. Сент-Китс жана Невис федерациясы
  20. Ямайка

Жарлыктын максаты — туризм тармагындагы реформаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун арттыруу, туристтик инфраструктурага байланышкан маселелерди чечүү аркылуу өлкөгө келген туристтердин агымын көбөйтүү, кызматтардын сапатын арттыруу, улуттук туристтик продукцияны дүйнө базарына чыгаруу, туризм тармагындагы кадр потенциалын жогорулатуу жана 2019-2025-жылдары туризмди өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу болуп эсептелет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18