24.kg
13:43, 14 августа 2019, 24.kg

Сымап коркунучу. Буюмдан тарта тамак-ашка чейинки уу

Жылына 9 миң тоннага чейин сымап атмосфера,топурак жана сууга аралашып аны булгап жатат. Алар негизгинен алтын казып алууда, көмүрдү пайдаланууда, түстүү металды жана цементти өндүрүүдө жана тиричиликте колдонгон таштандылар: батарейка, сымап бар лампа, желим баштыктар. Булар жаратылышты миңдеген жылдарга ууландырып, адам ден соолугуна терс таасирин берип жатат, деп экологдор коңгуроо кагышат. 

Photo 130884

Байыркы доорлордо сымап баалуу метал катары баркталган. Сымаптын тээ байыркы аталышы-меркуриус болгон. Ал күнгө жакын планета-меркурийдин атын алган. Сымап илгерки заманда эле өтө активдүү колдонулган. Мисалы косметика жасоодо, алтын казууда. Медицина илимдеринин кандидаты Игорь Хаджамбердиевдин айтымында, бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 8 металды уулуу деп аныктаган. Анын арасында сымап дагы бар.Сымаптын ден соолукка зыяндуулугу чоң. Билинбей таасир берип олтуруп мээни жабыркатышы мүмкүн дейт санитардык врач Бурул Жумаканова. Анын айтымында, айрыкча боюнда бар аялдарга зыян.

Сымап кайсыл буюмдарда бар.

Люминаценттик лампаларда, кадимки колдонуудагы батарейкаларда, дене тапты ченөөчү градусникте, кан басым ченөөчү шаймандарда жана албетте тамак-ашта бар. Айрыкча чет жактан алынып келинген балыктарда көп кезигет. Ал эми Кыргызстанга кирип жаткан буюмдарды, тамак-аш, косметикалардагы сымаптын өлчөмү талапка жооп береби? Аны саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин лабораториясында текшерилет. Анын борборунун башчысы Айгүл Жумаканованын айтымында, тамак-аш жана косметика, сууда сымаптын өлчөмү нормадан ашып кетпегени текшерилет жана уруксат кагаздары берилет.

Таштанды көгөйү чечилген эмес.

Негизи сымап курамында бар таштандыларды өзүнчө бөлүп ыргытуу жагы Кыргызстанда жолго коюла элек. Ошондуктан сымап курамында бар батарейкалар, сынган градусник, лампочкалар кадимки эле таштандыга ыргытылат. Алар албетте уулуу заттарды анын ичинде сымапты бөлүп чыгарып абаны жанан жаратылышты булгоодо. Ошондуктан адистер Кыргызстан башка мамлекеттердей эле Минамат конвенциясын кабыл алыш керек деп эсептешет. Эксперт Курманбек Турдалиев. Анын айтымында, минамат конвенциясы анын мүчө мамлекеттерине акырындып сымап өндүрүшүнөн жана аны пайдалануудан баш тартуу үчүн талапты коет жана ал өндүрүш орун алса дагы сымапты зыянсыздандыруу мехинимздерин дагы талап кылат. Минамат конвенциясын кабыл алган Россия 2020-жылдан тарта сымапсыз өндүрүшкө өтүү жолдорун тандап жатат. Мисалы тиричиликте колдонгон батарейкалардан, сымап курамында бар ламполардан баш тартып баштайт.

Минамата конценциясы кайдан келип чыккан?

1956-жылы Япониянын Минамата шаарчасында өтө чоң кырсык катталган. Япон эл аны үчүнчү атомдук бомбанын жарылышына теңешкен. Балык уулап жан баккан бул айылдын жашоочулары түшүнүксүз нерв ооруларына чалдыгышкан. Жашоочуларды медициналык текшерүүдөн өткөргөндө, алардын канынан жана терисинен уулуу зат- сымаптын жогорку деңгээлде бар экени аныкталган. Натыйжада эл ууланган балыктан жабыркаганы белгилүү болгон. Жергиликтүү бийлик ошол аймактагы химиялык комбинаттан шек санашкан. Япониядагы Минамат трагедиясы дүйнөдөгү мамлекеттердин башын бириктирген. Натыйжада БУУ демилгени көтөрүп, 2013-жылдын 10-октябрында эл аралык келишим кабыл алынган. Учурда 128 мамлекет ага кол коюшкан. Бул эл аралык келишимге ылайык, 2020-жылы сымап курамында бар продуктуларды импортоого, экспортоого жана өндүрүүгө тыюу салынат. Ага кадимки батарейкалар, люминесценттик лампалардын бир тобу; сымап градусниктери, кан басым өлчөй турган жабдыктар, самындардын жана косметиканын бир нече түрлөрү кирет. Жалпысынан алганда Минамат конвенциясы бүгүнкү күндө экологияны коргоого, адамзаттын ден соолугуна кам көрүүгө чакырык таштайт. Минамат Конвенциясын Россия, Кытай,АКШ жана башка ири мамлекеттердин 128си колдоп, кабыл алышкан. Борбор Азияда мамлекеттери арасынан Казакстан, Таджикистан, Өзбекстан жана албетте биздин өлкө Кыргызстан конвенцияны кабыл ала элек. Адистер башкалар менен кошо биз дагы бул кадамга барсак келечек үчүн жакшы болмок дешет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18