24.kg
11:53, 14 августа 2019, 24.kg

Маалымат берген эмес. КСДП Курсан Асановго байланышкан жагдайга түшүндүрмө берди

ИИМ Курсан Асановдун кызматтан бошотулушу боюнча аракеттерин, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына маалымат берип турган деген билдирүү аркылуу өздөрүн актоого аракет кылууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине КСДПнны төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Айтымында, Курсан Асанов мурунку президентти кармоо маалында сүйлөшүү жүргүзүп, маанилүү роль ойноду. 

«Аны каралоого аракет кылышууда. Алмазбек Атамбаевдин аны менен диалогго барган себеби, анын сүйлөгөнүнөн ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кызыкчылыгы бар экени билинген. Ал акча алды деген маалымат калп. Балким буга анын сүйлөшүүлөрдөн кийинки белгилүүлүгү себеп болгондур. Ал бизге эч кандай маалымат берген эмес. Кагылышууга чейин жана андан кийин дагы байланышкан жокпуз. Анын үстүнө ал убакта Кой-Ташта эч кандай байланыш жок болгон, сүйлөшүү мүмкүн эмес болчу», -деди Кундуз Жолдубаева.

Эске салсак, кечээ премьер-министрдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18