24.kg
09:20, 14 августа 2019, 24.kg

Бишкектеги башаламандыкта «Вега» компаниясына 4 миллион сом чыгым келтирилди

Бишкектеги башаламандык маалында «Вега» компаниясына 4 миллион сом чыгым келтирилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинен билдиришти.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 4 миллион сомдон кем эмес суммадагы камералар талкаланган. 7-Апрель жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги, Бөкөнбаев менен Абдрахманов, Чүй менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишиндеги жабдыктар сынган.

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүүлөр тартылып калган тиешелүү видеоматериалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18