24.kg
08:46, 14 августа 2019, 24.kg

Көкташ—Аксай—Тамдык унаа жолу. 21 чакырым жол курулду

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусуна жумуш сапары учурунда Көкташ—Аксай—Тамдык унаа жолуна асфальт-бетон төшөө иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Ал Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушу боюнча аткарылып жаткан иштер менен таанышты. Ал эми Көкташ—Аксай—Тамдык унаа жолунда курулуш иштери башталган. Жалпысынан курулуш башталганы 21 чакырым жол курулган.

«Республикалык бюджеттен 2019-жылга карата Көкташ—Аксай—Тамдык унаа жолундагы жол-курулуш иштерине «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 120 миллион сом өлчөмүндө каражаттар каралган, алардын ичинде 50 миллион сом Көкташ—Аксай жол участогунун бетине асфальт-бетон төшөө үчүн багытталган, учурда 7 чакырым узундуктагы трассага асфальт-бетон төшөө иштери башталды. Ошондой эле, 70 миллион сом 13,5 чакырым Аксай—Тамдык жаңы жол участогунун курулушуна багытталат, курулуш (жардыруу) иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18