24.kg
15:07, 13 августа 2019, 24.kg

Аянттагы башаламандык. Келтирилген чыгым 6 миллион 936 миң 500 сомду түздү

«Ала-Тоо» аянтындагы массалык баш аламандыктан келтирилген чыгым 6 миллион 936 миң 500 сомду түздү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Шаардын ичиндеги ээнбаштык жана бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу фактылары боюнча жалпы 5 факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттого алынган.

Жогорудагы мыйзамсыз иш аракеттеринин кесепетинен Бишкек шаарында жалпы 34 видео камералар, анын ичинен 27 даана сырткы системалык видео көзөмөл жана 7 даана аппараттык программалык комплексинин видео камерасы таштар менен талкаланган.

Бүгүнкү күндө жалпы келтирилген чыгым болжол менен 6 миллион 936 миң 500 сомду түзгөн, анын ичинен ИИМне 2 миллион 103 миң 500 сом, ал эми Бишкек шаарынын мэриясына 109 миң 826 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18