24.kg
14:34, 13 августа 2019, 24.kg

Кой-Таштын тургундары шаардык ооруканаларга жардам сурап кайрылгандан коркушууда

Кой-Таш айылынын тургундары шаардык ооруканаларга жардам сурап кайрылгандан коркушууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Арашан айылынын ооруканасынын башкы дарыгери Динара Осмонкулова билдирди.

Айтымында, көпчүлүк аталган жайга келип фамилиясын атабоону суранышкан. «Биринчи жардам бергенден кийин, биз башка бөлүмдөргө багыттама берсек деле, бейтаптар ал жакка баргандан коркушууда. Алар кармап кетет деген кооптонуп жатышат», -деди дарыгер.

«Дарыгерлер көпчүлүккө жардамды көчөдөн эле көрсөтүштү. Алар үн чыгаруучу гранатадан жабыркагандар. Тизеден ылдый күйүк алгандар абдан көп болду. Алар ошол күнү эле кандайдыр бир жардам алышты, андан кийин алар ооруканага деле кайрылышкан жок», -деп кошумчалады Динара Осмонкулова.

Белгилей кетсек, Рита Карасартова Фейсбукка «Кой-Таш айылынын жашоочусу айылына кире албай жатат. Анткени тергөөчүлөр четинен кармап, жагдайды териштириш үчүн алып кетишүүдө» деп жазган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18