24.kg
14:20, 13 августа 2019, 24.kg

Кокон шаары Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлөр шаарынын тизмесине кирди

Кокон шаары Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлөр шаарынын тизмесине (World Craft City) киргизилди.

Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин президенти Рози Гринлис Кокон шаарынын өндүрүш жана маданиятында устачылык чоң ролго ээ экенин билдирди.

«Кокон бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлөр шаарынын коомунда татыктуу орун алганына кубанычтабыз. Кокон бул тизмеге киргенине байланыштуу өз милдеттемелерин аткарып, дүйнөдөгү бардык көл өнөрчүлөргө жалпы платформа түзүү үчүн эл аралык карым-катнаштарын кеңейтип, башка шаарлар менен жигердүү кызматташат деп үмүттөнөбүз», -деди ал.

Кокон шаарында 10-15-сентябрда Эл аралык элдик-колдонмо өнөр фестивалы өтөт.

Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлөр шаарынын тизмеси 2014-жылдан бери бар. Учурда анын курамына дүйнө жүзү боюнча 30 шаар киргизилген.

2019-жылы мартта Өзбекстандын «Хунарманд» ассоциациясы Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешине мүчө болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18