24.kg
12:13, 13 августа 2019, 24.kg

Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча бир канча журналист сурак берүүдө

7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча бир канча журналист сурак берүүдө. Алардын арасында «Апрель» телеканалынын башкы директору Дмитрий Ложников, Мирбек Айтикеев жана Кундуз Жолдубаева, ошондой эле депутаттар Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранова бар. 

Маалымат жыйында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов алар күбө катары чакырылган.

«Биз аларды журналист катары сын айткандары үчүн эмес, эмнелерди күбө катары көргөнү үчүн суракка алуудабыз», -деди ал.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18