24.kg
10:18, 13 августа 2019, 24.kg

Кечээ Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловду Москвага алып кетишти

Кечээ Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловду Москвага алып кетишти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-августта Москвадан келген адистердин катышуусу менен өткөрүлгөн дарыгерлердин кеңешмесинде, Самат Курманкуловду Москвадагы аталган борборго которуу чечими кабыл алынган. Аны коштоп жубайы жана саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев кетти.

Билдирүүгө ылайык, Самат Курманкуловдун абалы оор, бирок туруктуу. Ал жасалма дем алдырууда жатат.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алган. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп, болгон аракетин жумшашты. Учурда ал комада жатат.

7-августта кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18