Жибек Мамытова: Немецтер өз ишине аябай так жүрүшөт, мен да ошого көндүм
Жибек Мамытованын чет өлкөдө жашаганына 12 жыл болду. 2007-жылы Германиядагы окуу жайлардын биринен Мейманкана иши факультетине тапшырып, 3 жыл билим алган. Кийин «Маритим» 5 жылдыздуу чоң мейманкананын ресторанында башкы официант болуп ишке орношо алды.
Мекендешибиз чет жердеги жашоосу тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди.
— Чет жерде жүргөнүңүзгө бир топ жыл болуптур, азыр деле ресторанда иштеп жатасызбы?
— Жок, учурда декреттик өргүүдөмүн. Негизги алгачкы кесибим бычмачы-тикмечи. Кыргызстандагы Кыргыз-түрк кесиптик лицейинде окугам. Бирок, тилекке каршы өз кесибимди аркалабай, Германиядан окууну артык көрүп мында келгем. Себеби, жер көрүп, эл таануу, билимимди өркүндөтүүнү эп көрдүм. Балалуу болгондуктан жумушту убактылуу токтотуп турам.
— Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз? Канча балаңыз бар? Жолдошуңуз кайсыл жердин жараны?
— Жердигим Ысык-Көлдүк. Жакынкы Чыгыштагы Ливан Республикасынын жараны, учурда Германиянын тургунуна турмушка чыккам. Аны менен интернет аркылуу таанышкам. Буйрук экен 2008-жылы баш кошуп, учурда 3 жарым жана 1 жарым жаштагы уул-кызды тарбиялап жатабыз. Кызым орус, кыргыз, немец тилинде эркин сүйлөйт. Анча мынча арапча да кобурап калат. Баламдын тили азырынча жакшы чыга элек. Кызымдын аты Аида. Ага өз апамдын атын бергенбиз, анткени Ливанда салт ошондой экен.
— Кыргыз-түрк лицейин аяктасаңыз, тилден кыйналбасаңыз деле керек?
— Тилден кыйналган деле жокмун, анткени мектепти аяктаганда 4 тилде эркин сүйлөп чыккам. Кийин бул жакка келгенде немец тилин өздөштүрдүм.
— Сиз жашаган Нюрнберг шаары тууралуу айтып берсеңиз, Бишкекке окшоштуктар бар бекен?
— Нюрнберг Бишкекке окшош кичинекей тыкан шаар. Мында болжол менен 700 миңге жакын киши жашайт. Шаардын башкы визиттик катрочкасы болуп -Рождество базары эсептелет. 1-декабрдан тарта борбордук аянттарга көп сандаган чатырлар тигилет, соода сатыктар, жарманкелер уюштурулат.
Мындан тышкары Нюрнберг оюнчуктары менен таанымал. Шаар орто кылымдарда Европанын оюнчуктарды өндүрүүчү борбору болгон. Бул жакта оюнчуктар музейи бар. Ошондой эле Нюрнберг даамдуу пряниктери жана колбасалары менен белгилүү.
— Кыргызстанды сагынасызбы?
— Кыргызстанга колдон келишинче тез-тез барганга аракет кылам. Бир жылда 2-3 жолу барып, сагынычымды таратам.
— Жергиликтүү элдин кандай сапаттарын өзгөчө деп айтат элеңиз?
— Немецтер өз ишине аябай так жүрүшөт, мен да ошого көндүм. Бир гана мага жакпаган сапаты -аябай өзүмчүл келишет.
— Сиз жашаган шаарда кыргызстандыктар барбы?
— Алыста жүрсөңүз деле Кыргызстандын жаңылыктарын угуп турасызбы?
— Кыргызстандын күнүмдүк жаңылыктарын укпайм. Аябай орчундууларын гана тааныштар аркылуу билип турам.