24.kg
13:47, 09 августа 2019, 24.kg

Кой-Таш окуясы. Беш-Күңгөй айылдык милиция бөлүмү өрттөлдү

Кой-Ташта агрессивдүү адамдар унаалардын терезелерин сындырып, Беш-Күңгөйдөгү милиция бөлүмүн өрттөп салышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти. 

Маалымат болгондой кечээ тартип сакчылары Кой-Таш айылында коомдук тартипти камсыз кылышкан.

«Бирок, көрүлгөн иш аракеттерге карабастан агрессивдүү топ, коомдук тартипти бузуу менен айылда токтоп турган унааларды талкалап, Беш-Күңгөй айылынын айылдык милиция бөлүмүн өрттөшкөн. Учурда келтирилген чыгымдар аныкталууда», -деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, түндө Бишкекте башаламандык уюштурду делген 40 киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка таянсак, кечээ борбордук аянтка чогулгандар Жогорку Кеңештин имаратына, соода борборлоруна жана дүкөндөргө кирүүгө аракет кылышкан. Ошондой эле жолдорду тосуп, элдин тынчын алышкан. Натыйжада 40 киши кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18