Кеңеш. Аттракциондордогу коопсуздук эрежелерин эске ала жүрүңүз
Ар түркүн түскө боелгон селкинчектер, үйлөмө батуттар, жаңырган музыка, балмуздактын түрү. Мунун баарын аттракцион парктарынан кезиктире алабыз.
Ар бир бала үчүн аттракцион парктарына баруу -өзгөчө майрам сыяктуу. Балдарды аттракциондорго түшүрүп коюп, аларга көңүлдүү күн тартууладым деп ойлоо жетишсиз.
Кичинекейлерге жакшы маанай тартуулоо үчүн, алдын ала коопсуздук эрежелерин эске ала жүрүңүз.